Перейти на новый сайт
MegaCom: «Телефон кайда?» кызматы телефонуңузду табууга жардам берет

MegaCom: «Телефон кайда кызматы телефонуңузду табууга жардам берет

 

Эгерде телефонуңузду кайсы бир жерде унутуп калган болсоңуз MegaCom сунутаган «Телефон кайда?» уникалдуу сервисин колдонуңуз. Мобилдик телефон ар бирибиздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды десек болчудай. Ал каалаган учурда байланыш менен камсыз кылып, интернет аркылуу акыркы жаңылыктардан кабардар гана кылбастан, керектүү контактыларды, маанилүү маалыматтарды, жүздөгөн сүрөттөрдү жана видефайлдарды да сактап жүрөт эмеспи.

Телефонуңузду табуу үчүн   Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу  жетиштүү. Биздин адистердин жардамы менен Сиз тез аранын ичинде арызыңызды толтуруп жана мобилдик түзмөгүңүздүн кайсы жерде экендиги тууралуу маалымат алсаңыз болот. Жаныңызда инсандыкты ырастоочу документиңиздин болушу шарт. Бир ийгиликтүү аткарылган сурамдын наркы 50 сомду түзөт.

Мобилдик түзмөктүн координаттары тууралуу маалымат  мобилдик түзмөк активдүү режимде болгондо  жана  өчүрүлгөн убактысы  24 сааттан ашпаган учурда берилет.

Мобилдик түзмөк өчүрүлгөн маалдан  тарта 24 сааттан ашык убакыт өткөн болсо, сурам ийгиликтүү аткарылган жок деп эсептелинет, телефондун кайсы жерде экендиги тууралуу маалыматты  берүүгө мүмкүн болбойт жана төлөм алынбайт.

Эгерде абоненттин номурунда тыным кызматы кошулган болсо, анда түзмөктүн кайсы жерде экендигин аныктоого мүмкүн эмес.

Сервис MegaCom түйүнүндө гана көрсөтүлөт жана бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү. Кызмат боюнча кошумча маалыматты  компаниянын  сайтынан  алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы