Перейти на новый сайт
MegaCom: Велосезон-2017 расмий түрдө ачылмакчы

MegaCom: Велосезон-2017 расмий түрдө ачылмакчы

Кезектеги велосезондун расмий ачылышы, салтка айланып калгандай эле, MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөрүлгөнү турат! 2017-жылдын 26 -мартында "R-Bikers" тоо велоспорт Федерациясы жана "BOOM Studio" асссоциациясы бардык  велосүйүүчүлөрдү жадыраган жаздын келишинен кабар берген иш-чарага чакырат.

Иш-чарага жаш курагынан көзкарандысыз бардык каалоочулар катыша алышат. Велосүйүүчүлөр үчүн бузугу жок велосипед жана жолдо жүрүү эрежелерин мыкты билгендиги жетиштүү. Катышуучуларга  MegaCom компаниясынын  фирмалык футболкалары таратылат. Өткөн жылдардагы  веложүрүштөргө сереп салсак, жыл сайын катышуучулардын катары  арбып келет. Өткөн жылы алардын саны  800дөн ашып, эң масштабдуу веложүрүш катары эсибизде калган эле.

Веложүрүш эртең мененки саат 10:00дө  (Чүй/Совет көч.кесилиши) башталып, велоколонна алдын ала белгиленген маршрут боюнча жол тартат. MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган компаниянын жамааты алардын катарында болмокчу.  Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы жана "R-Bikers" Федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт.

Борбор калаабыздын Түштүк дарбазасында конкурстук программа  күтөт.  Оюн-зоокко жигердүү катышкандар үчүн MegaComдун  тарабынан белектер даярдалган. Facebook сайты аркылуу толук маалымат алсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы