Перейти на новый сайт

Бишкекте, MegaCom компаниясынын  колдоосу менен, 2017-жылдын ири IT-иш-чарасы болуп өттү

Бишкекте, MegaCom компаниясынын  колдоосу менен, 2017-жылдын ири IT-иш-чарасы болуп өттү

MegaCom компаниясы IT- чөйрөсүндөгү ири компаниялардын жетекчилеринин, жетектөөчү адистеринин, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын,жана да  саясий ишмерлер менен активисттердин катышуусундагы ири иш-чараны өткөрүүгө расмий өнөктөш болду. Кыргызстандын маалымат технологиялар форумунда өлкөбүздүн IT- тармагынын өнүгүүсү тууралуу кеңири талкуу жүрдү.

Ушул жылы алтынчы жолу өткөрүлгөн форум мастер-класстар форматында болгондугун баса белгилебей коюуга болбойт. Иш билги адистер тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышты. Алардан алган билим жаштар үчүн пайдалуу боло тургандыгы бышык. Өлкөбүздүн Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  IT чөйрөсүндөгү  мыкты  жетишкендиктери үчүн төрт номинация боюнча  сыйлыктарды тапшырды:

  • IT-персона - технологиялар чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чоробек Сааданбек;
  • Мыкты социалдык долбоор – коомго тийгизген пайдасы үчүн Программисттер клубу жана Technovation Kyrgyzstan;
  • Мыкты онлайн-сервис - таанымал долбоор катары Namba Food;
  • Жылдын ачылышы – кызыктуу жана жемиштүү долбоор үчүн World of One.

IT-чөйрөсүнүн жана өлкөдөгү инновациялык технологиялардын өнүгүүсүнө мобилдик оператор өз салымын кошуп келет. Маалыматтык коопсуздук, билим берүү жана телекоммуникацияларды өнүктүрүү сыяктуу маанилүү багыттар ар дайым мобилдик оператордун көңүл борборунда.Бүгүнкү күндө  MegaCom компаниясынын IT дирекциясында өз ишин мыкты билген 80ден ашуун адис эмгектенет.  Компания адистери Кыргызстандагы мыктылардын жана тажрыйбалуулардын бири болуп саналат, алардын ичинде эл аралык МТ-конкурстардын жеңүүчүлөрү жана өкмөттүк сыйлыктарга арзыгандар  да бар. Мобилдик оператордун IT-инфраструктурасынын негизин  заманбап чечимдер түзгөндүктөн, компаниянын IT-адистери  эң алдыңкы технологияларды колдонушат. Жыл сайын техникалык жаатта билим алып жаткан  студент кыздар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө IT багытында ийгиликтерге жетишкен айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп,  МКТ секторундагы кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет.Бул көрүнүш компания үчүн салтка айланып калгандай. 

 

MegaCom – билим алуу жана инновациялар  үчүн.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы