MegaCom роуминги кеңири кулач жаюуда
MegaCom роуминг кызматтары аракетте болгон өлкөлөрдүн катары арбып келет. 2017-жылдын башынан тарта абоненттер өз номурун алмаштырбастан T-Mobile (США), Telenor Myanmar (Мьянма), Cable&Wireless (Панама) жана Vodafone (Фиджи) операторлорунун тармагында жакындары менен баарлаша алышат.
Роуминг кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн санын көбөйтүүдө MegaCom абоненттеринин мүдөөсүнө төп келген багыттарды тандайт. Айрым өлкөлөр бир эле убакта бир нече операторлор менен роумингдик макулдашууларды түзүшөт. Мындай кадам, өз кезегинде, бул мамлекеттерде каптоо аймагынын кеңейишин кепилдейт.
Чет өлкөгө чыгаар алдында, компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылып, роумингди кошуп алыңыз. Компаниянын кесипкөй адистери роуминг жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен тааныштырып, сизди кызыктырган суроолор боюнча кеп-кеңеш берип, керектүү кызматтарды кошуп алууга көмөктөшөт.
MegaCom роуминги – бул дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде гана болбосун, өзүңдү мекениңде жүргөндөй сезүү.