Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы 2016-2017 тоо лыжа сезонунун ачылышына Караколго чакырат!

MegaCom компаниясы 2016-2017 тоо лыжа сезонунун ачылышына Караколго чакырат!

 

MegaCom компаниясы баардык каалоочуларды 26-27-ноябрда Каракол тоо лыжа базасында өтө турган жаңы тоо лыжа сезонунун расмий ачылышына чакырат. Мобилдик оператор бул спорттук-ден соолукту чыңдоочу иш-чаранын башкы демөөрчүсү.

26-ноябрда (ишемби күнү) «Каракол» тоо лыжа курортунда 9.00дөн баштап бардык трассаларда көтөргүчтөр иштей баштайт. 10.00дө слалом-гигант боюнча мелдешүүлөргө каттоо башталат, сноуборд жана лыжа дисциплиналарында төрт комплект сыйлык ойнотулмакчы. Чоңдор жана балдар, профессионалдар жана кышкы спорттун сүйүүчүлөрү мелдештерге катышып өз күчтөрүн сынап, ар түрлүү мыкты белектерди: шлемдерди, спорттук бут кийим үчүн баштыктарды, лыжа жана сноуборддор үчүн каптамаларды, бафтарды, MegaCom компаниясынан фирмалык  көп сандагы белектерин утуп алууга мүмкүнчүлүгү болот!     

27-ноябрда (жекшемби күнү) 10.00дө көңүл ачуу программасы башталат, көп сандагы белектер ойнотулчу чоңдор жана балдар үчүн «Кенчти» табуу жана казуу, ар түрдүү оюндар, викториналар жана эстафеталар өткөрүлмөкчү.

Эригүүгө убакыт болбойт – сизди жана сиздин балдарыңызды мыкты маанай тартуулаган кышкы оюндардын түрлөрү күтмөкчү!

Белгилей кетсек, сапаттуу сигнал жана MegaComдон жогорку ылдамдыктагы Интернет тоо лыжа курортунун жана Ысык-Көл облусунун бардык аймагында жеткиликтүү, бул эс алуу маалындагы маанай менен өз учурунда бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү! Иш-чарага социалдык тармактардан кошулуңуз жана жаңылыктар түрмөгүнө көңүл буруңуз. Толугураак маалымат facebook социалдык баракчасында жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы