MegaCom: жогорку ылдамдыктагы интернет бардыгы үчүн жеткиликтүү
MegaCom «Жеткиликтүү интернет» опцияларын сунуштайт. Төмөн баадагы ыңгайлуу опциялар жана күн сайын берилүүчү жагымдуу бонустарды өз ичине камтыйт.
Бул опциялар түйүндөгү баарлашууга, оюндарга, электрондук почтаны көрүүгө, файлдарды жүктөөгө жана башкаларга канча трафик керектеле тургандыгын так билбегендер үчүн атайын иштелип чыккан. Опциянын бирин кошууда ар бир мегабайт 5тен 10 эсеге чейин арзан болот. Ыкчам интернеттин өзүңүзгө ыңгайлуу болгон жолун тандап алыңыз:
- «Жеткиликтүү Интернет 1» - 1 МБ үчүн 40 тыйын (абонтөлөм күнүнө – 1 с.,кошуу буйруусу *135*1#);
- «Жеткиликтүү Интернет 2» - 1 МБ үчүн 40 тыйын + 10 МБ АКЫСЫЗ (абонтөлөм күнүнө – 2 с., кошуу буйруусу *135*2#);
- «Жеткиликтүү Интернет 3» - 1 МБ үчүн 25 тыйын + 20 МБ АКЫСЫЗ (абонтөлөм күнүнө – 3 с., кошуу буйруусу *135*3#).
«Жеткиликтүү Интернет» түркүмүндөгү опциялардын бирин кошуп алыңыз жана интернет ааламына каалашыңызча саякаттаңыз.