Перейти на новый сайт
MegaCom: ийгиликтин 10 жылы!

MegaCom: ийгиликтин 10 жылы!

Кыргызстандын мобилдик байланыш тармагында алдыңкы сапта келе жаткан  MegaCom 10жылдыгын белгилөөдө! 2006-жылдын 28-апрели компаниянын тарыхында кызыл сызык менен өтүп турат. Дал ушул күнү түйүн расмий түрдө ишке киргизилип, эң алгачкы абоненттерибизге кызмат көрсөтүлө баштаган.

 

 

10 жыл бою  MegaCom Кыргызстанда жана  мекенибиздин аймагынан тышкары да сапаттуу жана жеткиликтүү мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүп келүүдө. MegaComду тандаган 3 миллиондон ашуун кыргызстандыктар жакындары  менен байланышта болуп, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдоно алышат.

MegaCom бүгүн— телекоммуникация тармагындагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн, жаңылануулардын  демилгечиси. 10 жылдын ичинде ондогон миллиард сом өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалып, аймактардын социалдык өнүгүүсүнө бараандуу салым кошулду.  Чакан жамааттын саны арбып, MegaCom өлкөбүздүн жумуш менен камсыз кылуучу ири ишканаларынын бирине айланды. MegaCom –  ISO 9001:2008 стандартындагы эл аралык сертификатка жана КМШ өлкөлөрүнүн  Эл аралык Премиясынын дипломуна ээ болгон Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир уюлдук оператор.  

«Күн сайын коммуникациянын жаңы түрлөрүнө болгон мүдөө-талап өсүп келет-бул кубантарлык! Ар бир маалыматтык карым-катнаш өнүгүүгө чыйыр салат  эмеспи. Ал эми коммуникация көп болуп, жана кадимки эле смартфондун жардамы менен башкарылган учурдагы өнүгүү динамикасы ыкчамдай тургандыгы бышык. Биз үчүн биринчи кезекте – кардарларыбызды сапаттуу байланыш менен камсыздоо, жаңы технологияларды ишке киргизүү. Учурдан пайдаланып, компаниянын пайдубалын түптөөгө салым кошкон,10 жыл мурда бизге ишеним арткан  бардык абоненттерибизди  чын дилибизден куттуктагым келет. Ишмердигибиздин негизин эмгегибиздин  абоненттерибиздин татыктуу баалоосу, алардын ишеничи түзөт», - деп белгилей кетти,  MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Уюлдук оператор билим берүү чөйрөсүн, социалдык тармактарды байма-бай колдоп келет. Ардагерлер, балдар  үйлөрү да көз жаздымда калтырылбай келүүдө. Мамлекетибиздин ири салык төлөөчүлөрүнүн көч башында. Мындан тышкары, спорттук, маданий долбоорлорго жана мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө байланышкан иш -чараларды өткөрүүнү колдоп келет. Маселен,  Улуттук Олимпиадалык комитет менен тыгыз кызматташтык өнөктөштүк мамиледе.

MegaCom  туулган күнүндө  сүйүктүү абоненттерине  «Ырахмат!» айтат жана  белектерин тартуулайт!  FacebookInstagramTwitter жана  Одноклассники социалдык баракчаларында жайгашкан @MegaComKG шилтемеси  аркылуу компаниянын 10 жылдык мааракесине байланыштуу бардык жаңылыктардын борборунда болуңуз.

Маалымат: MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) –900 жана 1800 МГц жыштыктарынын диапазонундагы GSM (2G), 2100 жана 900 МГц жыштыктарынын диапазонундагы WCDMA/UMTS  (3G)  жана  LTE (4G) стандартындагы кызматтарды көрсөтүүчү оператор. Бүгүнкү күндө 2G/3G/4G түйүнү менен каптоо боюнча алдыда болуу менен, калктуу аймакты  98пайызга чейин байланыш менен камсыздап келет. MegaCom корпоративдик кардарларынын катарын өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр,дипломатиялык миссиялар түзөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы