Перейти на новый сайт
«Айчүрөк» борбордук дүр-дүйнө дүкөнүндө MegaComдун жаңы промо-кеңсеси ачылды

«Айчүрөк» борбордук дүр-дүйнө дүкөнүндө MegaComдун жаңы промо-кеңсеси ачылды

Абоненттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн «Айчүрөк» соода борборунда MegaCom промо-кеңсеси ачылды.

«Бул «Айчүрөк» дүкөнүндө компаниянын экинчи өкүлчүлүгү. Кардарлар арасындагы MegaCom кызматтарына чоң талапты эске алуу менен кошумча кеңсени ачуу чечими кабыл алынган. Бул кезекти болтурбоого жана эң жогорку сапаттагы тейлөөнү көрсөтүүгө жол берет. Кардарлар компаниянын жаңы сунушу - «Элдик» тарифи тууралуу көп сурашат, бул жерден алар тариф боюнча кеңири маалымат алып, ошол замат тарифке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», - деп жыйынтыктай кетти өз сөзүн MegaCom компаниясынын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Биринчи келген кардарлар промо-кеңсенин ыңгайлуулугун жана ылайыктуу жайгашканын белгилеп өтүштү. Бул жерден ар бир абонент адистерден кесипкөй кеп-кеңеш алып, ылайыктуу номурду жана тарифти тандап, SIM-карта сатып алып, өз номурун катоодон өткөрүп, же мобилдик байланыш кызматтарына комиссиясыз төлөм жүргүзө алат.

MegaComдун жаңы промо-кеңсеси өз абоненттерин төмөнкү дарек боюнча күтөт: Бишкек ш., Чуй пр., 155, «Айчүрөк» борбордук дүр-дүйнө дүкөнү, В17 бутиги (1- кабат, эскалатордун жанында). Иш убактысы: 10:00дөн 20:00гө чейин, жекшемби жана майрам күндөрү 10:00дөн 19:00гө чейин.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы