Перейти на новый сайт

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах тарабынан MegaComдун спортту колдоодогу салымы баса белгиленди

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах тарабынан MegaComдун спортту колдоодогу салымы баса белгиленди

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин (КР УОК) башкы өнөктөшү болгон MegaCom мобилдик операторунун өкүлдөрү, үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Бишкекке келген, Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Азиянын Олимпиадалык кеңешинин башчысы Шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах менен болгон расмий жолугушууга катышты.

MegaCom менен КР УОКтун ортосундагы кызматташтык программасы (2015-2016-жылдарга) жана сергек жашоону жайылтуу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу жасалган баяндама чогулгандардын назарын өзгөчө буруп, «Инсандын таржымалы» долбоорунун алкагында MegaCom тарабынан байма-бай жарыяланып жаткан Олимпиадалык оюндарга катышууга талапкер болгон Кыргызстандын алдыңкы спортчулары менен болгон маектер жана олимпиадалык команданын курамында туристтик жолдомого ээ болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп учугу уланды. Томас Бах компаниянын спортту өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын, аткарып жаткан иштерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк меймандардын жана Кыргыз Республикасынын премьер -министри Темир Сариевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана спорт федерацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, 2016-жылы боло турган Олимпиадага даярдыктын жүрүшү, Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлөрүнүн өнүгүшү, КР УОК менен Эл аралык Олимпиада комитетинин кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары сыяктуу маселелердин айланасында кызуу талкуу жүрдү.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы