Перейти на новый сайт

Самат Надырбек уулу: Ар дайым алдыга!

Самат Надырбек уулу: Ар дайым алдыга!

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен болгон кызматташтыгынын алкагында, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлө турган Олимпиадалык оюндардын талапкерлери менен тааныштырып, таланттуу спортчуларга маалыматтык колдоо көрсөтүп келет. Бүгүнкү биздин маегибиз эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештердин бир нече жолку чемпиону , Олимпиадага катышуу үчүн лицензияга ээ болууга белсенген Самат Надырбек уулу менен болмокчу.

 

Самат, чоң спортко кадам таштоого эмне түрткү болду?

Байкем спорт менен талбай машыгып мыкты ийгиликтерге жетишип, Чемпиондукту жеңип алган. Байкемдин жетишкендиктери менин спортко болгон кызыгуумду арттырып,таасирлентти десем болот. Өзүм Талас облусунан болом. 13 жашымдан тарта спорт менен машыга баштадым. Спорттук мектептерде окугандардын көбү Бишкек шаарына келип өз окууларын улантышат. Мен дагы 8-классты аяктагандан кийин, борбор шаарыбызга келип өзүм тандаган багыт боюнча көндүм топтоп, тажрыйбага ээ болууга билек түрө кириштим.

Спортто мыкты жыйынтыктарга жетишүү үчүн эмне кылуу керек?

Албетте, көп жылдык, интенсивдүү машыгууларсыз жана үзгүлтүксүз спорт жыйындарысыз бул жаатта бийиктерди багынтуу мүмкүн эмес. Бул жерде спортчунун каалоосу жана демилгеси, өзүнө болгон ишеничи, бош убактысын, күчүн машыгууларга жумшоосу абдан маанилүү.

Жаңыдан спортко кадам таштаган спортчуларга кандай кеңеш бересиз?

Көбүрөөк спорт менен машыгыңыздар. Анткени спорт аркылуу гана өз алдынча өнүгүп, өзүңдү тартипке көндүрүп жана ойлоруңду иретке келтире аласың. Спорт бул- ден соолук жана сергек жашоо мүнөзү.

Жакынкы келечектеги пландарыңыз?

Азыр бизде бир гана максат бар. Өлкөбүздүн 2016-жылкы Олимпиадага катышуусу үчүн зарыл болгон лицензияларды утуп алуу. Чоң жоопкерчиликти сезип турам. Биринчиден, мага ишенген адамдардын ишеничин актагым келет. Мындан тышкары, эркин күрөш боюнча күзүндө өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жатам.

Олимпиада-2016да жеңишке ээ болсоңуз аны кимге арнайсыз?

Жеңишимди мага ишеним арткандардын бардыгына арнайм. Алар-ата-энем, жакындарым, машыктыруучум жана бардык кыргызстандыктар.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы