Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери ишембиликке чыгышты

MegaCom кызматкерлери ишембиликке чыгышты

MegaCom компаниясынын адистери үчүн Жер Күнүн белгилөө, жылдагыдай эле «Жашыл ишембилик» менен коштолду. Жети дубанды кучагына алган ишембиликтерге билек түрө катышкан MegaCom компаниясынын 500 кызматкери убакытты текке кетиришпестен, төмөндөгү аймактарды тазалап, жашылдандыруу жумуштарын аткарышты:

  • Нарын шаарында Р. Өмүрзакова атындагы парк;
  • Баткен, Ош жана Талас шаарларында жашыл көчөттөр отургузулуп, бөлүнүп берилген жерлер тазаланды;
  • Жалал-Абад шаарында (Жеңиш сейилбагы) жана Чолпон-Атада ( «Тагай Бий» сейилбагы) сейилбактар тазаланып, бак-дарактар акталды.
  • Ал эми Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин кызматкерлери кеңсенин айланасын тазалоо жумуштарын аткарышты.

Уюлдук оператор «MegaCom аллеясы» экологиялык долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. Аталган долбоордун алкагында компания мекенибиздин аймагындагы карамагына алынган аймактарды жашылдандыруу боюнча иш-чараларды байма-бай уюштурууну адатка айландырган. Экологиялык маданият MegaCom компаниясынын корпоративдик маданиятынын ажырагыс бөлүгү. "Жашыл кеңсе" долбоорун булардын катарына кошууга болот. Долбоор ишке киргизилген 6 айдын ичинде жараксыз кагаз калдыктарын акылга салып иштетүү максатында компания кеңселеринде экобоксторду жайгаштырылып, мунун натыйжада бир дарак сакталып калды. Кызматкерлер үчүн атайын велосипед токтотуучу жай бар. Мындан тышкары компания өз кызматкерлерин энергияны үнөмдүү пайдаланууга, компаниянын ресурстарына аяр мамиле жасоого үндөйт. Бардык бизнес-процесстер иш кагаздарын айландыруунун электрондук ыкмасы аркылуу ишке ашат.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы