Перейти на новый сайт

MegaCom: 9 жыл- туруктуу жана сапаттуу байланыш!

MegaCom: 9 жыл- туруктуу жана сапаттуу байланыш!

Бүгүн MegaCom компаниясы Туулган күнүн белгилөөдө. 2006-жылдын 28-апрелинде алдыңкы мобилдик оператор расмий түрдө өз ишмердүүлүгүн баштаган деп эсептөөгө болот. Дал ушул күнү компаниянын алгачкы абоненттери Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып, тармак коммерциялык эксплуатациялоо үчүн ишке киргизилген.

Бул жылдар аралыгында албан-албан иштер аткарылды. 9 жыл - туруктуу сапаттуу байланыш, жаңычыл технологиялар жана өз ишине терең ишенүү убактысы. Бүгүнкү күндө MegaCom компаниясынын 100 пайыз акциялары Кыргыз Республикасына таандык. Уюлдук оператордун “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымактуу жамааты мамлекеттин башкаруусу алдында ийгиликтүү ишкердик жүргүзүү мүмкүн экендигин өз тажрыйбасында көрсөтө алды.

2014-жылы компаниянын абоненттик базасы 3 пайызга жогорулап, кечээ жакында, MegaCom түйүнүнө 3 миллионунчу абонент кошулду! Тармактын каптоосу боюнча көч башында келе жаткан компания тарабынан көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын мыкты сапатын 1700гө жакын базалык станциялар камсыздап келет. Компаниянын түшкөн пайдасы 2013-жылга салыштырмалуу 6 пайызга өсүп, 8,6 миллиард сомду түздү.

Иш жүзүндө, MegaComдун байланыш кызматтары үчүн каражатын сарптаган ар бир абонент, ал каражаттарын мамлекеттик социалдык кепилдиктер жана бюджеттик чөйрөнүн кызматтары түрүндө кайтарып алары бышык. Компания туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууда мамлекеттин өнөктөшү болуу менен, социалдык жактан зор мааниге ээ болгон бир катар долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келүүдө.

Туулган күнүнүн урматына MegaCom өз абоненттери үчүн майрамдык акция уюштурган. Мындан тышкары абоненттерибизди компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда жагымдуу белектер күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы