Перейти на новый сайт
MegaCom’дун жаңы роуминг-өнөктөштөрү

MegaCom’дун жаңы роуминг-өнөктөштөрү

MegaCom компаниясы кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминг кызматынан пайдаланууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин үзгүлтүксүз толуктап келет. Үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта, эс алуу жана иш сапарына жөнөгөн компаниянын абоненттери, GEOCELL (Грузия) операторунун тармагында жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен, ал эми 2-февралдан баштап, Belgacom SA/NV (Бельгия) операторунун тармагында кийин төлөнүүчү роуминг байланыш кызматтарынан пайдалана алышат.

Аталган өлкөлөрдө саякат жасап жүргөн MegaCom абоненттери телефонунан кошумча буйрууларды тербестен, байланыш кызматтарынан пайдаланып, чыныгы убакыт режиминде өз мобилдик эсебинин абалы тууралуу маалыматка кабардар болушат.

Өлкөлөрдүн роуминг географиясын кеңейтүүдө MegaCom компаниясы биринчиден абоненттер үчүн эң таламдуу багыттарга көңүл бурат. Айрым өлкөлөрдө роуминг байланыш келишимдери бир нече операторлор менен түзүлгөн. Бул болсо, абоненттерге чет өлкөнүн ичиндеги каптоо аймагынан максималдуу пайдаланууну жана операторлорду тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү шарттайт тургандыгы талашсыз.

Роуминг боюнча өнөктөш-операторлордун, өлкөлөрдүн тизмеси, кызматтардын тарифтери менен компаниянын филиалдык түйүндөрүнөн жана расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы