Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери үчүн Молдовада жана Азербайжанда кийин төлөнүүчү роуминг ишке киргизилди

MegaCom абоненттери үчүн Молдовада жана Азербайжанда кийин төлөнүүчү роуминг ишке киргизилди

MegaCom компаниясы 2014-жылдын 26-декабрынан тарта Azercell Telecom LLC (Азербайжан) жана 2014-жылдын 10-декабрынан тарта Moldtelecom (Молдова) операторлорунун тармагында кийин төлөнүүчү роуминг кызматынын ишке киргизилгендиги тууралуу билдирет.

Эми MegaCom абоненттери аталган өлкөлөрдүн аймагында болгон кезинде өз номурларын алмаштырбастан, жакындары менен мекенинде жүргөндөгүдөй эле байланышта боло алышат.

MegaCom компаниясынын роуминг өнөктөштөрүнүн саны тынымсыз өсүп келүүдө. Уюлдук оператордун абоненттери дүйнө жүзүнүн каалаган бурчунда жана кайсы гана убакта болбосун кызматтардын негизги түрлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Роуминг боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн, операторлордун тизмеси жана да кызматтардын тарифтери менен компаниянын филиалдык түйүнүнөн жана компаниянын сайтындагы Роуминг бөлүгүнөн таанышууга болот.

MegaCom – чек коюлбаган баарлашуу!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы