Перейти на новый сайт
MegaCom балдарга жаңы жылдык белектерди даярдады

MegaCom балдарга жаңы жылдык белектерди даярдады

MegaCom компаниясы Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектептин тарбиялануучулары үчүн жаңы жылдык майрамдык кече уюштурду. Кеченин башкы каармандары-Аяз Ата менен Аяз Кыз бөбөктөргө күтүлбөгөн жагымдуу белектерди жана таттууларды, эң негизгиси бактылуу көз ирмемдерди тартуулашты.

Көмөкчү мектептин акыл-эс өзгөчөлүктөрү бар 100дөй тарбиялануучусу көңүлдүү оюндар, конкурстар, байгелер менен коштолгон майрамдык программанын күбөсү болушуп, даам сызып, белектерге ээ болуп жатышты. Тарбиялануучулар да өз кезегинде ата-энелери, мугалимдери жана келген меймандар үчүн ырдап, бийлеп, ырларын жатка айтып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Республикабыздын жалпы аймагы боюнча компания тарабынан камкордукка алынган төрт балдар үйүнүн 372 тарбиялануучусу MegaCom компаниясынын таттуу белектерине ээ болушту. Алардын катарына Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборун (мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кошуу менен), Нарын облусунун К.Акназаров атындагы орто мектебинин алдындагы жатак-үйүн, Жалал – Абаддагы балдардын психоневрологиялык үй-интернатын жана Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебин кошууга болот.

«MegaCom балдарга » долбоорунун алкагында өлкө боюнча камкордукка алынган бардык балдар мекемелерине даректүү колдоо көрсөтүп туруу салтка айланган. «Жылуулук тартуула» акциясынын алкагында компаниянын ынтымактуу жамааты тарабынан жылуу кийимдер, бут кийимдер жана керектүү буюмдар топтолуп, балдар үйлөрүнө жеткирилип турат. Эң негизгиси балдар жылуулукка жана мээримдүүлүккө бөлөнүп келишет. Ал эми,чын дилден чыккан мындай сезимдер эч нерсеге алмашылбайт эмеспи.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы