Перейти на новый сайт
MegaCom тармагынын жаңы жылдагы туруктуу иштөөсү камсыздалды

MegaCom тармагынын жаңы жылдагы туруктуу иштөөсү камсыздалды

MegaCom компаниясынын техникалык адистери, 1нен 8-январга чейинки жаңы жылдык эс алуу мезгилинде, адаттагыдай чалуулардын, SMS жөнөтүүлөрдүн жана интернет-трафикти генерациялоонун бир кыйла көбөйүшү катталгандыгын белгилешти. Абоненттердин активдүүлүгү жогорулап, тармакка ашыкча жүктөм болгондугуна карабастан, аталган мезгил ичинде MegaCom уюлдук байланыш тармагынын туруктуу иштөөсү камсыздалган.

Абоненттер мобилдик интернетти тандашат

Жаңы жыл түнүндө пайдаланылган трафиктин көлөмү, мобилдик интернетти тандаган кыргызстандык абоненттердин саны үзгүлтүксүз өсүп жатканын көрсөтүүдө. Маселен, өлкөбүздүн ири уюлдук операторунун абоненттери тарабынан жөнөтүлгөн интернет-берилиштердин жалпы көлөмү, өткөн жылдагы көрсөткүч менен салыштырмалуу 83 пайызга көбөйгөн. Мындан тышкары, MegaCom адистери тарабынан интернет-трафиктен пайдалануунун орто суткалык көрсөткүчү да бир кыйла жогорулаганы белгиленүүдө. Башкача айтканда, мобилдик интернет жаңы жылдык майрам күндөрүнүн негизги тренди болду десек жаңылышпайбыз.

Үн чалуулар жана SMS

MegaCom абоненттери жаңы жыл күндөрү (2014-жылдын 31-декабрынын саат 06:00дөн баштап 2015-жылдын 1-январынын саат 06:00гө чейин) бир нече миллион SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Бул болсо күнүмдүк көрсөткүчтөн 3,5 эсе көп. Өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл облустарынын абоненттери, күнүмдүк көрсөткүчтөн 6,5 эсе көп SMS-билдирүү жөнөтүшкөн.

Адаттагыдай үн байланыш кызматы куттуктоолордун негизги ыкмасы болгону шексиз. Майрам күндөрүндөгү кыргызстандыктардын баарлашууларынын жалпы узактыгы оңдогон жылдарга барабар. Бул жерде дагы Нарын жана Ысык-Көл облустары эң көп чалышып, үн трафигинин орто суткалык көрсөткүчү 60 пайызга жогорулаган. Ал эми, мындан мурунку 24 саатка салыштырмалуу, 31-декабрдын саат 06:00дөн тарта 2015-жылдын 1-январынын саат 06:00гө чейинки убакыт ичиндеги үн трафигинин жалпы көрсөткүчү 30 пайызга көбөйгөн.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы