Перейти на новый сайт
MegaCom Шайырлар жана тапкычтар клубунун «Шаар кубогун» өткөрүүгө колдоо көрсөттү

MegaCom Шайырлар жана тапкычтар клубунун «Шаар кубогун» өткөрүүгө колдоо көрсөттү

MegaCom компаниясы, 22-ноябрда, Каракол калаасында уюштурулган мектеп окуучуларынын арасындагы «Шаар кубогун» өткөрүүгө өнөктөш болду.

Кыргызстандын Шайырлар жана тапкычтар клубунун мектеп лигасынын курамына 15тен ашык команда кирет. Бул жылы мектеп окуучулары арасындагы юбилейлик онунчу сезондун ачылыш аземи болуп өттү. Таланттуу жаштардын өз күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк таап келген азил-чыны аралаш тамашалары бул жолу да татыктуу бааланып, оюнчулар улуттук мобилдик байланыш операторунун фирмалык азем белектери менен сыйланышкан.

«ШТК сыяктуу иш -чаралар мектеп окуучуларынын жеке чыгармачыл эргүүсүн ойготуп, жамаатта иштей билүүсүнө шарт түзөт. MegaCom компаниясы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган иш-чараларга колдоо көрсөтүп келет», - деп белгилей кетти компаниянын жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында билим берүү, спорт, маданият тармактарындагы долбоорлорго жана жаштардын демилгелерине колдоо көрсөтүү MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири. Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук операторунун социалдык долбоорлору Кыргызстандын бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашып келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы