Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы БОБЛ төшөөнү улантууда

MegaCom компаниясы БОБЛ төшөөнү улантууда

Абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу, маркетинг кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында «Бишкек-Ош» була-оптикалык байланыш линиясын төшөө боюнча долбоорду ишке ашырууда. Компаниянын өнүгүү планына ылайык, Жалал-Абад – Ош аймагында 115км линия төшөлүп, долбоордун 1-этабы аяктады. Була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизүүнүн натыйжасында абоненттерге өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100Гбит/с кем болбогон, б.а. ылдамдыгы учурдагы ылдамдыктан 100 эсеге жогору, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 8Тбит/с чейин жогорулатууга мүмкүн боло турган жаңы, уникалдуу кызматтар сунушталат.

Була-оптикалык тармакты куруу компаниянын ишмердүүлүгүндө өзгөчө артыкчылыкка ээ. Оптикалык линиялардын иштөө мөөнөтү 25 жылдан кем болбойт жана аларды электрондук технологиялардын өнүгүү деңгээлин аныктап турган туруктуу багыт катары кароого болот.

MegaCom – LTE тармагын ишке киргизүүгө белсенген жаңычыл оператор!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы