Перейти на новый сайт
MegaCom: ыңгайлуу жана пайдалуу саякат!

MegaCom: ыңгайлуу жана пайдалуу саякат!

Жай мезгилин утурлай чет өлкөлөргө эс алууга же ишкер сапарга жөнөгөн учурда, жакындары менен дайыма байланышта болуунун жана каражаттарын үнөмдөп калуунун ар кандай жолдору бар. Бул багытта, MegaCom компаниясынын адистери бир катар кеп-кеңештерди сунушташат.

Пайдалуу! Өткөн жылы MegaCom компаниясы «Үнөмдүү роуминг» кызматын ишке киргизген. Абоненттерибиздин көңүлүнө төп келген бул кызмат аркылуу кыргызстандыктар үчүн көп каттаган Түркияга, Казакстанга жана башка бир катар мамлекеттерге кирген чалуунун баасы болгону 5 сомду түздү. Кызматтан 200 сом өлчөмүндөгү белгиленген төлөм менен 7 күн аралыгында колдонууга болот. Мындай сунуш роумингдеги кирген чалууларды кабыл алууда үнөмдөөгө шарт түзөт.

Ыңгайлуу! MegaCom ири авиалиниялардын бортунда болгон учурда байланыштын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн Кийин төлөнүүчү жана GPRS-роумингди сунуштаган. Кызмат узак аралыкка учуулар маалында жакындарыңызды бушайман кылбастан байланышта болуп турууга же шашылыш иштерди узак сапар менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Алдын ала төлөнүүчү роуминг аталган кызматтын ыңгайлуу түрлөрүнүн бири болуп саналат жана бардык абоненттерге жеткиликтүү болуп калды. Тейлөөнүн бул түрүнөн пайдаланган абоненттер балансын 3800 сомго толтурбастан жана компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылбастан эле балансы нөлгө жеткен учурда эсебин 200 сомго же андан ашык суммага толуктаган учурда кызмат автоматтык түрдө кайрадан кошулат.

Бүгүнкү күндө MegaCom абоненттери дүйнө жүзүнүн кайсы гана өлкөсүндө жүрбөсүн ыңгайлуу баарлаша алышат. Багыттарды жана кирген же чыккан чалуулардын артыкчылыктарын эске алуу менен керектүү опцияларды тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Опциялар тууралуу маалыматтар менен компаниянын www.megacom.kg расмий сайтынын Роуминг бөлүмүнөн таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы