Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын кызматкерлери «Жашоо тартуулаңыз» донордук акциясына катышышты

MegaCom компаниясынын кызматкерлери «Жашоо тартуулаңыз» донордук акциясына катышышты

Кечээ жакында MegaCom компаниясынын кызматкерлери КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Респуликалык кан борбору тарабынан уюштурулган «Жашоо тартуулаңыз: кан донору болуңуз» донордук акциясына катышышты.

Донор болууну каалаган кызматкерлер үчүн компаниянын кеңсесинде кан тапшырууга ылайыкталган атайын жай даярдалып, 4 сааттын ичинде донордук пунктта 30 литрден ашуун кан топтолгон. Компаниянын 70ке жакын кызматкери донор болушту. Аталган кан борбору MegaCom компаниясынын босогосун экинчи ирет аттады. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кан тапшырган кесиптештерибиздин саны эки эсеге көп болгондугун баса белгилебей коюуга болбойт.Топтолгон кан өмүрлөрү кылдын учунда турган бейтаптарды дарылоого жумшалмакчы.

MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчиликтүү коммерциялык уюм катары мекендештеринин көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына кайдыгер карабастан, аларды дайыма көңүл борборуна коюп келет. Билим берүү, маданият жана спорт чөйрөлөрүндөгү алгылыктуу долбоорлору менен бир катар эле корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында социалдык демилгелерди колдоп, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына да өзгөчө көңүл бөлүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы