Перейти на новый сайт

«ЭЛСОМ» электрондук капчыгы MegaCom абоненттеринин бардыгына жеткиликтүү

«ЭЛСОМ» электрондук капчыгы MegaCom абоненттеринин бардыгына жеткиликтүү

Кыргызстандын ири мобилдик байланыш оператору өз абоненттери үчүн «ЭЛСОМ» деген аталыштагы «электрондук капчык» жаңы кызматын сунуштады.

«ЭЛСОМ электрондук капчыгы» - бул мобилдик түзмөктүн номуру аркылуу электрондук жол менен төлөм жүргүзүү, акча салуу, которуу жана каражатты накталай алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал банктык эсептин мүмкүнчүлүктөрүн өз ичине камтуу гана эмес, каржылык операцияларды мобилдүү ишке ашыруунун жөнөкөй жана ыңгайлуу жолу.

«Мобилдик акчалар» жаңы трендинин коомубузда өзгөчө орунду ээлеп келе жаткандыгын белгилебей коюуга болбойт, эми абоненттерибиз мобилдик байланыш жеткиликтүү болгон шартта, каалаган учурда жана кайсы жерде гана болбосун «ЭЛСОМ» кызматтарынан пайдалана алышат», - деп белгиледи MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Катталгандан соң ( MegaCom абоненттери үчүн: *900# кыска номурун, аты-жөнүн, паспортундагы идентификациялык салык номурун терүү талап кылынат), төмөндөгүлөрдү ыңгайлуу жана коопсуз жол менен ишке ашырууга болот:

  • «ЭЛСОМ» электрондук капчыгынын кызматтары менен пайдаланып товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү өнөктөш-соода түйүндөрүндө, ашканаларда, кафелерде,ресторандарда жеткиликтүү. «ЭЛСОМ» атайын белгилер жана жарнамалык плакаттар аркылуу аныктоого болот;
  • Оплата за товары и услуги в магазинах-партнерах, столовых, кафе и ресторанах, которые вы узнаете по специальным знакам «ЭЛСОМ» и рекламным плакатам;
  • ТКК кызматтары үчүн төлөм;
  • Интернет үчүн төлөм;
  • Кабелдик телеберүү үчүн төлөм;
  • Каалаган мобилдик телефондон балансты толуктоо мүмкүнчүлүгү;
  • Башка капчыктардан жана өз "электрондук капчыгынан" банктагы эсептерге каражаттарды которуу жана алуу;
  • Акча каражаттарын накталай түрдө алуу;
  • Капчыкка чет өлкөлөрдөн акча которууларды кабыл алуу.

Мунун бардыгы мобилдик телефон аркылуу.

Толук маалымат www.elsom.kg сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы