Перейти на новый сайт

MegaCom “Сен кайдасың?” кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

MegaCom “Сен кайдасың?” кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Жакындарыбыздын жана досторубуздун тынчын албастан, бир нече секунданын ичинде MegaCom абоненттеринин жүргөн жерин билүүгө шарт түзгөн “Сен кайдасың?” уникалдуу кызматынан көптөгөн абоненттер пайдаланып, кызматтын актуалдуулугун баамдап көргөндүгү шексиз. Бүгүнкү күндөн тарта кызматтан пайдалануу мурдагыдан да ыңгайлуу.

Кызматтын пайдалануучуларынын ыңгайлуулугу үчүн функционалдуу меню атайын иштелип чыккан. Эми анын жардамы менен:

• меню тилин (кыргыз, орус, өзбек же англис);
• картанын түрүн (телефондук аппараттын моделине жараша – динамикалык же статикалык);
• жүргөн жеринин так көрсөтүүсү жөнүндөгү маалыматты тандоого болот.

Өлкө аймагынын 95 пайызын уюлдук байланыш түйүнү менен каптаган MegaCom компаниясы, изделип жаткан абоненттин жүргөн жерин болжол менен OpenStreetMap электрондук картасынан көрсөтөт жана анын жүргөн жери тууралуу тексттик билдирүү алууга шарт түзөт. Кызматтан пайдалануу алгоритми эң оңой: кызматты кошуу үчүн *989*1#чакырууну терүү же ООВА (абонент-пайдалануучунун тандаган тилине жараша, орус тилинде - DA) сөзүн камтыган SMSти 989 номуруна жөнөтүү зарыл. Мындан кийин, абонент-жөнөтүүчү *989*1*055Axxxxxx# буйруусун терүү аркылуу абонент-алуучунун макулдугун алып, *989*055Axxxxxx# буйруусун терүү менен анын жүргөн жерин биле алат.

“Сен кайдасың?” уникалдуу кызматы Кыргызстанда алгачкы жолу киргизилген жана MegaCom ири тармагы каптаган бардык аймактарда жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы