Перейти на новый сайт
MegaCom Prestigio планшеттери жана смартфондору сатыкка чыгарылганын билдирет.

MegaCom Prestigio планшеттери жана смартфондору сатыкка чыгарылганын билдирет.

Жаңы жылды утурлай, компаниянын «ЦУМ», «Вефа», «Бета-2» жана «Бишкек Парк» соода түйүндөрүндө жайгашкан сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда европалык Prestigio брендинин телефондору жана планшеттери сатыла баштады.

«MegaCom компаниясы ыңгайлуу баадагы телекоммуникациялык түзмөктөрдү өндүрүүчү алдыңкы ишканалар менен гана иш алып барат. Бүгүнкү күндө Prestigio – Россия, Белорусия, Сербия, Украина өлкөлөрүндө планшеттердин бренд-өндүрүүчүсү катары таанымал болуп, үчүнчү орунду ээлесе Борбордук, Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында болсо алдыңкы 5 бренд –өндүрүүчүнүн катарын толуктайт», - деп белгиледи MegaCom компаниясынын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Prestigio мобилдик түзмөктөрү Android операциялык тутуму менен жабдылып, бир эле учурда 2 SIM-картанын иштөөсүнө ылайыкталган. Планшеттер жана смартфондор жогорку сапаттагы материалдардан жасалган. Over the Air (OTA) аркылуу компьютерге туташтырбастан жана атайын адистерге кайрылбастан телефонуңуздун программалык камсыздоосун алмаштыра аласыз. Акысыз китепканага жана билим берүүчү мүнөздөгү колдонмолорго, мектеп программасынын китептерине жетки алууга болот. Мындан тышкары, Google менен толук синхрондоштурулган, 2 жылдык эл аралык кепилдикке жана сервистик тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Алдыңкы уюлдук оператордун абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунан Prestigio 5044 смартфонун сатып алуу менен күмүш номурлуу SIM-картаны белекке аласыз. «559» тарифи менен SIM-карта болсо MultiPhone 3540 жана 5300 DUO смартфонун, 7380, 7280 жана 7170 сериясындагы MultiPad планшеттерин сатып алган кардарларга жагымдуу бонус катары тартууланат.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы