MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 24-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош шаарындагы Рашид Юнусов, Исанов көчөлөрү жана насос заводу;
- Жалал-Абад облусунун Тельман айылы;
- Ысык-Көл облусунун Барскоон, Теплоключенка айылдары, Каракол шаарынын Госмельница, Кутманалиева көчөлөрү;
- Чүй облусунун Красная речка айылы жана Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы