Перейти на новый сайт
MegaCom кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган интернет-аянтчасын колдоого алды

MegaCom кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган интернет-аянтчасын колдоого алды

MegaCom компаниясы Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктайт! Компания эне тилибиздин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келет.

Маселен, жакында MegaCom улуттук уюлдук оператору журналисттерден жана коомдук ишмерлерден турган демилгелүү топ тараптан сунушталган, кыргыз тилин үйрөнүүгө, жайылтууга жана өнүктүрүүгө шарт түзгөн интернет-аянтчасын түзүү демилгесин колдоого алган. Чыныгы убакыт режиминде иштеген сөздүктөрдөн тышкары, аталган сайтта кыргыз жазуучуларынын көркөм чыгармаларын, кыргыз тилиндеги ырларды, аңгемелерди, макал-ылакаптарды, жаңылмачтарды, табышмактарды жана пайдалануучулардын башка кызыктуу окуялары кыргыз тилинде жайгаштыруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, ресурстун максаты болуп пайдалуу кеңештер жана пикирлер менен алмашуу, жаңы демилгелерди жана тенденцияларды талкуулоо аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүү жаатына салым кошуу болуп эсептелет.
Долбоордун автору - Уланбек Эгизбаев, фейсбук социалдык тармагындагы “Кыпкыргызча” тобунун негиздөөчүсү, жаш журналист. Топтун катышуучулары көптөгөн сөздөрдү, сөз айкаштарын жана которуу кыйынчылык туудурган сүйлөмдөрдү орус тилинен кыргыз тилине которушат.

MegaCom уюлдук оператору мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө гана көңүл бурбастан улутубуздун тарыхына да өзгөчө көңүл бөлүүдө. Сөзүбүзгө аралжы, улуттук уюлдук оператор 2013-жылдын апрелинен тарта белгилүү маалымат ресурсу менен биргеликте “Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы” долбоорун ишке ашырып келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы