Перейти на новый сайт

Спорттук ийгиликтер MegaCom компаниясынын колдоосу менен

Спорттук ийгиликтер MegaCom компаниясынын колдоосу менен

Үстүбүздөгү жылдын 30-августунан 7-сентябрына чейин, Шри-Ланканын Хиккадува шаарында болуп өткөн мектеп окуучулары арасындагы Азия Чемпионатында жаш кыргызстандыктар, шахмат династиясынын өкүлдөрү Руслан жана Алмаз Съездбековдор өлкө намысын коргошту. MegaCom улуттук мобилдик операторунун колдоосу менен эки бир тууган чемпиондук наам үчүн күчтөрүн сыноого мүмкүнчүлүк алды.

Классикалык шахмат боюнча биринчиликке Австралия, Индия, Иран, Казакстан, Корея, Малайзия, Шри-Ланка, БАЭ, Тайван, Малдив аралдарынан, Монголия, Йемен жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн келген спортчулар күч сынашкан.

Мелдеш алкагындагы жолугушуулардын натыйжасында Руслан Съездбеков блиц-турнирде “алтынды” алып, классикалык шахмат боюнча 11 жашка чейинки категориясында, мүмкүн болгон он упайдын ичинен жети упайды топтоп “күмүшкө” татыды.

Ата-энесинин чоң сыймыгы болгон Руслан жана Алмаз – көптөгөн республикалык жана эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн шахмат таймаштардын жеңүүчүлөрү.

Эл аралык деңгээлдеги шахматтык таймаштарга жолдомо алып туруу үчүн уулдарым үзгүлтүксүз машыгып турушат. Мындай ири мелдештер ар бир спортчунун чеберчилигин өстүрөт эмеспи. Бул багытта байма-бай колдоо көрсөтүп келе жаткан MegaCom компаниясына чоң ырахматымды айта кетейин! – деген жылуу сөздөрүн жолдоо менен, шахматчылардын атасы Съездбек Таштекеев уюлдук операторго өз ыраазычылыгын билдире кетти.

MegaCom – спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо жана келечек чемпиондор үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы