Жогорку ылдамдыктагы MegaCom USB-модеми кайрадан сатууда
MegaCom мобилдик интернети менен аралыкты кыскартып, дүйнө жүзү менен байланышуу андан да оңой болуп калды! MegaCom USB-модемин мобилдик түзмөгүңүзгө кошуп алып, зымсыз Интернеттен, электрондук почтадан, ICQ жана башка белгилүү интернет сервистеринен – кайда жүрсөңүз да пайдалана аласыз.
MegaCom уюлдук оператору, максималдуу өткөрүү ылдамдыгы секундасына 7,2 Мегабит түзгөн USB-модемдерин болгону 1200 сомдон тартуулайт!
MegaCom USB-модеми аркылуу жогорку ылдамдыктагы Интернеттен пайдалануу үчүн атайын иштелип чыккан “Ыкчам Интернет” тарифтик планы абоненттерге сунушталат. Аталган тариф 1 Мегабайт интернет-трафиктен күндүз 1,5 сомдон, түнкүсүн 0,75 сомдон пайдаланууга шарт түзөт. Абоненттер чыгашаларын оптимизациялоо максатында мобилдик Интернет үчүн атайын түзүлгөн опциялар түркүмүнөн каалаганын кошуп ала алышат. Мындан тышкары, MegaCom USB-модемин сатып алууда, сизге “Белекке 300 Мб” топтомун камтыган SIM-карта белекке берилет.
Ал эми, “Жыл тандоосу 2012” Эл аралык фестивалынын жыйынтыгы боюнча MegaCom USB-модеми өлкөбүздө сунушталган окшош түзмөктөрдүн арасында эң мыктысы болуп кыргызстандыктар тарабынан таанылганын белгилей кетели. Кызматтар жана тарифтик опциялар тууралуу толук маалыматты, сиз *5002 номуру боюнча, MegaCom абоненттерин тейлөө борборлорунан жана компаниянын расмий сайтынан ала аласыз.