MegaCom жамааты Beeline компаниясын 15 жылдык маарекеси менен куттуктайт
Жаңы технологиялар дүйнөсү күн санап өзгөрүлүп, Байланыш тармагы тездик менен өнүгүүдө. Дайым байланышта болуу, ар бир абоненттин өзгөрүлбөс каалоосу жана муктаждыгы! Бүгүнкү күндө, телекоммуникациялык компаниянын эң негизги максаты бул көптөгөн абоненттерге мындай мүмкүнчүлүктү тартуулоо.
MegaCom компаниясы Beeline уюлдук операторунун кесипкөй жамаатынын ишине албан ийгилик, эртеңки күнгө болгон ишеним, тармакты жаңы деңгээлге өнүктүрүүнү, сапаттуу жана үзгүлтүксүз байланыш каалайт!