Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы мушкер Алексей Федосеевди колдойт

MegaCom компаниясы мушкер Алексей Федосеевди колдойт

Бүгүн, 11-июнда, " Кыргызстан vs Турция 2013 таймашы" болгону турат. Түркиянын жана Кыргызстандын мыкты мушкерлери күч сынаша турган бул матч “Спорт баңгизаттарга каршы” акциясынын алкагында өткөрүлмөкчү.

Кыргызстандык кикбоксчулардын көч башында турган мыкты мушкер Алексей Федосеев тууралуу учкай маалымат ашыкча болбостур. Алексей Федосеев – Эл аралык класстагы Кыргызстандын спорт чебери, 2008-жылы профессионалдар арасында Европанын чемпиону, 2010-2011-жылдардагы Евразиянын чемпиону, кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, кармашуу боюнча төрт жолу чемпион болгон. Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү. “Алтын илбирс” кубогунун ээси, 2011-жылы WBKF версиясы боюнча чемпион, 2012-жылы WBKF жана W5 версиясы боюнча дүйнө чемпиону.

Кечээ жакында, кесиптешибиз Алексей Федосеев өзү эмгектенген MegaCom компаниясынын демилгеси менен тиктирилген атайын спорттук форманын ээси болду. Бул спорттук кийим компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жана кызматкерлерди демилгелөө программасынын негизинде даярдалган. Келечекте мекен намысын коргоп, Кыргызстанды спорттук аренага таанытууну максат кылган кесиптешибиз мелдештерге дал ушул спорттук кийимин кийип катышууга ынтызар.

Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору, MegaCom компаниясы өзүнүн кызматкери Алексей менен сыймыктанып, жаңы бийиктиктерди багындыруусуна тилектештигин билдирет!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы