Перейти на новый сайт
MegaCom «Дордой» базарында сатуу жана тейлөө Борборун ачты

MegaCom «Дордой» базарында сатуу жана тейлөө Борборун ачты

MegaCom уюлдук оператору Борбор Азиядагы ири соода түйүндөрүнүн бири болгон «Дордой» базарынын аймагында өзүнүн жаңы сатуу жана тейлөө Борборун ачты.

Аталган соода шаарчасына келген кардарлардын саны күнүнө 25 миңден 160 миңге чейин жетип, алардын басымдуу бөлүгүн MegaCom абоненттери түзөт. Кардарларды тейлөө борбору көптөгөн меймандардын жана жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусу менен ачылып, салтанаттуу түрдө өз ишин баштады.

Жаңы ачылган сатуу жана тейлөө борборунда баардык каалоочулар, MegaCom сунуштаган кызматтар туурасында адистерден кенен маалымат ала алышат, алардын ичинде сим-карта сатып алып, жоготуп алган сим картаны калыбына келтирип, телефондун балансын комиссиясыз толтуруп, видеочалуу, роуминг кызматтарына кошулуп, жаңы тарифтик пландар тууралуу адистерден билсе болот.

     

«Дордой» базарындагы СТБнын ачылышына карата, бир ай бою бул борбордон MegaCom байланыш тармагына кошулган ар бир абонентке 30 акысыз SMS, ал эми балансын 50 сомго же андан ашык суммага толтурган абонентке 20 бонустук SMS тартууланат.

Сервистик борбор Кожевенная көчөсүндө («Дордой» базарынын борбордук өтмөгүнүн сол тарабында) жайгашкан. «Дордой» базарында ачылган бул жаңы борбор өз кардарларын аптанын ар бир күнү жана майрам күндөрүндө күн сайын саат 08:00 дөн 17:00гө чейин күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы