MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 23-апрелде төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Беловодское, Петровка, Чалдовар, Алексеевка, Ставропавловка, Түлөк жана дагы Шопоков шаары;
- Жалал-Абад облусунун Алабука айылы, Курулуш жана Акташ айылдарына чектеш аймактар, Кербен айылына жакын жайгашкан тоо кыркасы;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Торугарт посту жана Кош-Дөбө, Баетов, Казыбек, Ат-Башы, Калинин, Акмуз айылдары жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы