Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине дивиденд катары 663 миллион 629 миң сом төлөгөн

MegaCom компаниясы 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине дивиденд катары 663 миллион 629 миң сом төлөгөн

“Альфа Телеком” ЖАКтын (MegaCom соода белгиси) акцияларынын мамлекетке таандык 49 пайызынан, 2012-жылдагы жарыяланган жана чегерилген дивиденддердин суммасы 663 млн. 629 миң сомду түздү.

2011-жылдагы дивиденддердин суммасына салыштырмалуу болжолдуу түрдө 23 пайызга өскөн.

2011-жылы мамлекетке таандык акциялардын 49 пайызынан 2009-2010-жылдары үчүн жарыяланган жана чегерилген дивиденддер 859 млн. 454 миң сомду түзүп, анын ичинде 2010-жылдагы дивиденддердин суммасы 260 млн. 816 миң сомго барабар болсо, ал эми 2011-жылдагы мамлекетке таандык акцияларынын 49 пайызынан жарыяланган жана чегерилген дивиденддер 541 млн. 352 миң сом өлчөмүндө болгон (№1-таблицаны караңыз).

1-таблица

2013-жылы 12-апрелде өткөн акционерлердин жыйынында 2012-жылдагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке чегериле турган дивиденддердин суммасы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №44- Декретине ылайык “Альфа Телеком” ЖАКтын 49 пайыз акциялары улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, акционерлердин Реестринде катталган.

«Альфа Телеком» ЖАКтын акционерлеринин реестри, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензияга ээ болгон көзкарандысыз реестркармоочу орган тарабынан жүргүзүлөт жана сакталат.

Акционерлердин алмашуусуна байланыштуу, КРдин ”Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин органдарында акционердик коомду кайрадан каттоо жүргүзүлбөйт.

MegaCom - Кыргыз Республикасындагы башка уюлдук операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп ISO 9001 версиясы боюнча сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктамасына ээ болгон жана ишкананын менеджмент тутумун уюштурууда ички аудит, комплаенс-менеджмент сыяктуу түшүнүктөрдү киргизген бирден-бир оператор.

Компания республикабыздагы ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктоо менен, мамлекет казынасына салыктарды, милдеттүү төлөмдөрдү туруктуу негизде төлөп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы