Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынан 108 информатика классы

MegaCom компаниясынан 108 информатика классы

MegaCom компаниясынын “Mega Билим” билим берүү долбоорунун алкагында республиканын аймагындагы 108 орто мектеп компьютерлер менен жабдылды.

Март айында эле 7 компьютерден жана атайын эмеректен турган 8 компьютердик комплектилер төмөндө аты аталган мектептерде:

  • Баткен облусунда: Козубай атындагы, Учкун, Кыргызстандын 10 жылдыгы атындагы №67, Лейлек районундагы В.И. Ленин атындагы орто мектептеринде;
  • Ош облусунда: Саты Токторов атындагы, Г. Эргешов атындагы Бел-Өрүк, М. Тешебаев атындагы №68 орто мектептеринде;
  • Чүй облусунда: Раздольный айылынын орто мектебинде орнотулган.

Жакында Баткен облусундагы Кызыл-Жол айылынын орто мектебинде компьютердик класс ачылды. Мектеп директору Мубаракхан Абдыразакова жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдире кетти: “Окуучулардын, мугалимдер жамаатынын жана ата-энелердин атынан MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкөдө көптөгөн мектептер, билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн жаңы заманбап жабдууларга муктаж. Мындай шартта, “Mega Билим” билим берүү долбоору болгонуна абдан кубанычтабыз”

Иш-чарага катышкан Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Карамат Орозова өз сөзүндө мындай деди: «Эми , окуучуларыбыз мобилдик интернеттин жардамы менен электрондук китепканаларга жетки алышып, дүйнө адабиятынын үлгүлөрү менен тааныша алышат. Өсүп келе жаткан муунга көрсөтүп жаткан камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем».

Жаш жеткинчектерибиздин татыктуу билим алуусуна жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кам көрүү менен, мекенибиздин ири уюлдук оператору өлкөбүздүн келечегине өз бараандуу салымын кошуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы