Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргызстандын шайыр жана тапкыч жаштары менен бир толкунда

MegaCom Кыргызстандын шайыр жана тапкыч жаштары менен бир толкунда

Шайырлар жана тапкычтар клубунун Премьер-лигасынын 11-сезонунда «Тамашоу» курама командасы Кыргызстандын аброюн коргоп , 1/8 финалдын биринчи оюнунун жыйынтыгы менен «Тамашоу» 3-орунга татыктуу болгон. Муну менен күлкү менен тамашанын Чемпиону наамын жеңип алуу үчүн ат салышууга жолдомо алышкан эле.

Өнөрпоз жаштарыбыз көрсөткөн оюндардын негизин Астанада жана Сочиде коюлган мыкты автордук материалдар түзүп, кыргыздын кайталангыс колоритине чулганган, жөнөкөй, куйкум тамашалар жана таамай сөздөр менен коштолду.

Кыргызстандын калкынын 40 пайызын жаштар түзөт. Активдүү жарандык позицияны ээлеген жаштар жаңы бийиктиктерди багынтууга жана жашоону жакшыртууга умтулушат. MegaCom компаниясы колдоо көрсөтүп келген, шайырлар жана тапкычтардын оюндарынын өзгөчө жаштардын арасында абдан популярдуу болгондугу бекеринен эместир.

Шайырлар жана тапкычтар клубу- келечек муун үчүн өз жөндөмдүүлүгүн жана өнөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. MegaCom компаниясы, мекенибиздин шайыр, тапкыч жаштарына компаниянын социалдык саясатынын алкагында колдоо көрсөтүп келет.

Шайырлар жана тапкычтар клубу жана MegaCom – баарлашуу кубанычы!
 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы