Перейти на новый сайт

MegaComдун абоненттерине тынчсызданууга негиз жок

 MegaComдун абоненттерине тынчсызданууга негиз жок

Бүгүнкү күндөн, 2013-жылдын 1- мартынан тарта мамлекет уюлдук операторлор үчүн сатуудан түшкөн салыктын өлчөмүн 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатты. Бирок MegaCom компаниясынын абоненттери тынчсызданбай эле коюшса болот. Салыктын жогорулашы байланыш кызматынын баасына эч таасирин тийгизбейт жана баалар мурдагы бойдон калат.

Салыктарга байланыштуу болгон төлөмдөрдү өз мойнуна алуу менен, компания өз абоненттерин кошумча чыгымдардан куткарды.

«MegaCom компаниясынын тарифтеринин баалары салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлүп, 10 же 60 секундага чейин тегеректөө кадамдарысыз секундасына тарифтелет. Мындай артыкчылык компания абоненттерине баарлашууга, SMSке же Интернетке сарпталган убакытты жана анын так баасын билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары компанияда, абоненттердин тунук тарифтер жана ыңгайлуу кызматтар менен колдонуусун шарттаган лоялдуулук программасы абдан жакшы жолго коюлган» - деп белгиледи MegaCom компаниясынын PR-бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Мамлекет казынасына тиешелүү салыкты төлөө менен, MegaCom компаниясы мекен алдындагы өз милдеттерин толук кандуу өтөп келет.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы