Перейти на новый сайт

MegaCom мамлекеттик тил маселелерине кайдыгер карабайт

MegaCom мамлекеттик тил маселелерине кайдыгер карабайт

MegaCom компаниясы мамлекеттик тилди окутуу боюнча мыкты сабактын иштелмесин аныктоого карата уюштурулган конкурска демөөрчүлүк колдоо көрсөттү. Өткөн аптанын жума күнү, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министрлигинде жаңычыл мугалимдерди сыйлоо боюнча салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Профессор Сулайман Рысбаев башында турган комиссия жеңиш үчүн ат салышкан мугалимдердин арасынан мыктынын мыктысын тандады. Талас областынан Акчал Атагулов, Алай районунан Сыдык Мамыров, Сузак районунан Бүсара Калмурзаева, Нарын областынан Аниса Нааматова, Бишкек шаарындагы №5 компьютердик гимназиясынан Гүлүмкан Асанкадырова, Чүй жана Ысык-Көл областтарынын Айзада Салиева жана Мирбек Дүйшөмбиевдер татыктуулардын катарын толуктай алышты.

Жеңүүчүлөр «Кыргыз тили» төш белгиси жана мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын ардак грамоталары менен сыйланышты. Конкурс «Кут Билим» коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу гезитинин катышуусунда тил комиссиясынын демилгеси менен өткөрүлүп, MegaCom компаниясы конкурстун байге коруна демөөрчүлүк көмөгүн көрсөттү.

MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов, өз куттуктоо сөзүндө, жаш жеткинчектерге билим дүйнөсүнүн каалгасын ачып берген мугалимдерге ийгилик каалап, терең ыраазычылык билдирди. “Сиздер жаңы муунду тарбиялоо менен мамлекетибиздин пайдубалын түптөп, ары ардактуу, ары түмөн түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кесипти аркалап келесиздер”, - деп белгиледи Азат Базаркулов.

Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын окуучуларына жана мугалимдерине дайым колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы