Перейти на новый сайт
«Мага кайра чал» кызматы сиздин жардамчыңыз

«Мага кайра чал» кызматы сиздин жардамчыңыз

Балансында каражат калбай калган учурда, кимдир бирөөлөр менен тезинен байланышуу зарылдыгы ар бир абоненттин башынан өтсө керек. Бул жагдайда, «Мага кайра чал» кызматы жардамга келет. Сиз, өз жакындарыңыздын, досторуңуздун, кесиптештериңиздин сизге кайра чалып коюусун суранып, акысыз SMS-билдирүүлөрдү жөнөтө аласыз.

Эми, кайра чалып коюу тууралуу өтүнүчтү MegaCom абоненттерине гана эмес, тармактан тышкары жана дагы Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын уюлдук операторлорунун номерлерине да жөнөтүүгө болот.

Өтүнүч 202#0AAAхххххх# форматындагы USSD-буйруусу аркылуу жөнөтүлөт. Бул жерде 0АААxxxxxx – абоненттин номери. Чет өлкөлөдөгү операторлордун номерлерине өтүнүч жөнөтүү үчүн *202*00ххх ххх ххх ххх# буйруусун терүү жетиштүү.

Билдирүү жөнөтүлгөн номерге “Сураныч, мага чалып койсоңуз” деген тексти менен SMS келип, сиз байланышууну каалаган абонент сиздин өтүнүчүңүз тууралуу кабар алат. Суткасына онго чейин билдирүү жөнөтсөңүз болот. Кызмат акысыз көрсөтүлүп, бардык тарифтик пландарындагы MegaCom абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.

Толук маалыматты бул жерден же MegaComдун акысыз маалымат кызматынын *500 или 0555 500000 телефондору аркылуу ала аласыз.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы