Перейти на новый сайт
MegaComдун жамааты мугалимдерди майрамы менен куттуктайт

MegaComдун жамааты мугалимдерди майрамы менен куттуктайт

Бүткүл дүйнөдө октябрь айынын биринчи жекшембиси Мугалимдер күнү катары белгиленип, ар бирибизге акыл менен билим байлыгын берген, сыймыктуу кесиптин ээлери, биздин сүйүктүү агай-эжелерибизге жылуу сөздөр жана куттуктоолор айтылат.

Ардактуу мугалимдер, жаш муундарга таалим-тарбия, илим-билим берип, аларга билим пайдубалын түптөп, турмуштун улуу жолуна багыттаган Сиздер. Бизди окутуп, караңгыны жарык кылган, каармандык эмгегиңиздерге, чыдамкайлыгыңыздарга баш ийип, таазим этип, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен MegaCom компаниясынын эмгек жамаатынын атынан куттуктайм”, - деп MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов куттуктоосун жолдоду.

MegaCom уюлдук оператору окутуучуларды куттуктоо менен гана чектелбестен, Кыргызстанда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келгени белгилүү. Компания өлкөдөгү мектептерди компьютерлер менен камсыздоого жана мугалимдердин билим деңгээлдерин жогорулатууга багытталган “Mega Билим” жеке билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө, долбоордун алкагында 57 алыскы айыл мектептери компьютерлер менен камсыздалып, дагы 86 орто билим берүү мекемелерине заманбап компьютерлердин жана атайын эмеректердин тапшырылышы күтүлүүдө.

Мындан сырткары, ар кыл билим берүү мекемелерине окуу куралдары түрүндө жана таланттуу жаштардын эл аралык олимпиадаларда, конференцияларда катышуусуна колдоо көрсөтүү менен MegaCom компаниясы жаңы муундун сапаттуу билим алуусуна кызыкдар экенин белгилейт.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы