Перейти на новый сайт
Жаңы муун байланышы Ош облусуна жетти

Жаңы муун байланышы Ош облусуна жетти

MegaCom компаниясы Ош шаары жана ага жакын жайгашкан аймактарда үчүнчү муундагы байланышты ишке киргизүү боюнча иштерин соңуна чыгарууда. Азыркы учурда, 3,5G байланышы менен Ош шаарынын түндүк бөлүгүн толук, аэропорттун аймагы жана Карасуу районунун айланасында жайгашкан айылдар: Шарк, Нариман, Кызыл-Кыштык, Зарбдор, Фуркат, Кашгар-Кыштак жана Кыргыз-Чек калктуу конуштары камтылган. Заманбап 3,5G технологиясы 14,4 Мбит/с. ылдамдыктагы интернет менен пайдаланууну шарттап, MegaComдун абоненттери үчүн онлайн баарлашуу дүйнөсүнө чөмүлүп, сүйүктүү веб-сайттарды көз ачып-жумгуча барактоо мүмкүнчүлүшүн тартуулайт.

Компаниянын адистери тармакты кеңейтүү, жабдууларды жаңыртуу жана ишке киргизүү аракеттерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Жыл башынан тарта Ош жана Жалал-Абад облустарында 12 жаңы базалык станция орнотулган.

Буга дейре 3,5G байланышы алгач Бишкек жана Чүй өрөөнүндө, андан соң туристтик сезонго карата Ысык-Көл аймагында ишке кирген эле.

Байланыш сапатын жогорулатууга багытталган иш-аракеттер маалында, түйүндүн иштөөсү убактылуу чабаал болушу мүмкүн.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы