Перейти на новый сайт

MegaComдо I корпоративдик олимпиада оюндары өттү

MegaComдо I корпоративдик олимпиада оюндары өттү

2012-жылдын жай айларында, Лондондо өтүп жаткан XXX олимпиадалык оюндарына шайкеш, MegaCom компаниясы да өлкөдө биринчилерден болуп өз кызматкерлеринин арасында I корпоративдик олимпиадалык оюндарын уюштурду. Таймаш спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлүп, аймактык өкүлдөрдү кошкондо баардыгы 294 кызматкер катышты.

          

Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору ички корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, сергек жашоо образын үгүттөп, бул багытта түрдүү спорттук долбоорлорду колдоо аркылуу менен гана эмес, өзүнүн мисалында да көрсөтүп келет. Маселен, 2011-жылы уюлдук оператор Бишкектеги велосезондун ачылышына өз салымын кошуп, 30дан ашуун компания кызматкери дасыккан велосипедчилер менен катар «Ала-Арча» табигый сейилбагына чейинки аралыкты багынтууга катышканы бар.

    

«Корпоративдик маданият – компаниянын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон маанилүү курал. Өз кеңселеринде жагымдуу маанайды камсыздоочу кесипкөй, ынтымактуу топту түзүү компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизин түзөт. Мындай иш-чараларды уюштуруу – кызматкерлердин корпоративдик маанайын көтөрүүнүн маанилүү бөлүгү», - деп белгилейт баскетбол боюнча команданын капитаны, компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

Корпоративдик олимпиадалык оюндарды өткөрүү компаниянын адам ресурстары менен башкаруу бөлүмүнүн демилгеси жана компания жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулган. Компаниянын кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн олимпиадалык оюндар, жеке спорттук комментатор, кызматкерлерди үзүрлүү эмгекке үгүттөөчү жол-жоболорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча адис Тилек Сулайманбеков тарабынан таймаштын ар бир күнү таамай баяндалып жатты. “Компания тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай корпоративдик иш- чаралар формалдуу эмес, ошондуктан бардык кызматкерлер өзүлөрүн эркин сезишет. Компания кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн Олимпиадалык оюндар чоң ийгиликтер менен коштолгон натыйжалуу иш- чаралардын бири болду. Мелдеш маалында кесиптештерибиз күнүмдүк түйшүктөрүнөн алыстап, жумуш күндөрүн эс алуу менен айкалыштырып, өздөрүнүн жеке жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Мындай оюндарды өткөрүүнүн эң башкы максаты – сергек жашоону пропагандалоо жана кызматкерлер арасында өз-ара достук мамилени бекемдөө”, - деп белгилешет компания кызматкерлери.

     

Спорттук таймашуулардын жыйынтыгында, атаандаштар арасында мыктынын мыктысы аныкталды. Ал эми оюндарды салтанаттуу жабуу аземинде катышуучуларга жана “Көңүлдүү старттарга” катышкан күйөрмандарга кубоктор, күбөлүк кагаздар жана сыйлуу белектер тапшырылды. MegaComдун спорттук девизи: спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн, келечектеги чемпиондор үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы