Перейти на новый сайт

Нарындыктар MegaComго наабайкана үчүн ыраазычылык билдиришүүдө

Нарындыктар MegaComго наабайкана үчүн ыраазычылык билдиришүүдө

Бир жыл мурда Нарын шаарында эт комбинатынын базасында, MegaCom уюлдук операторунун каржылоосу менен, өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө жарым тоннага чейин нан азыктарын даярдоого мүмкүнчүлүк берген «Нарын-Келечек» алгачкы муниципалдык наабайканасы ачылган эле.

Муниципалдык ишкананын директору Таалай Осмоновдун айтуусу боюнча, наабайкана нан азыктары менен мектептерди жана бала бакчаларды гана камсыз кылбастан башка шаар тургундарын да камсыздайт.«Бир жылдын аралыгында ишкананын 11 жумушчусунун күчү менен 80 тонна ун иштетилип, 340 миңдей ун азыктары жасалды. Сатып алуучулар нан азыктарынын баасына жана сапатына ыраазы. Өндүрүштү кеңейтүү менен мындан да көп сандагы кардарларды тейлөөнү пландаштыруудабыз»,- деп белгилейт наабайкана жетекчиси.

          

Мындай социалдык объектинин ачылышына жергиликтүү калктын кайрылуусу түрткү болгон. Нарын шаарында расмий сатуу борборунун жана абоненттерди тейлөө борборунун ачылышында шаар тургундары өз көйгөйлөрү менен бөлүшкөн эле.

Ушундай жагдайды эске алуу менен, компания өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жана аймактарды колдоо программасына ылайык, 2011-жылы 1,3 миллион сомду Нарын шаарына муниципалдык наабайкана куруп берүү үчүн жана анын жабдылышына бөлүп берген.

Ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктаган уюлдук оператор базалык станциялардын жабдууларын жаңыртууну үзгүлтүксүз жүргүзүп, тармакты оптимизациялоо менен гана чектелбестен, социалдык жактан маанилүү болгон долбоорлорду дагы ишке ашырууда. Компаниянын бул ишмердүүлүгүн өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө болгон зор салым катары кароого болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы