Перейти на новый сайт

MegaCom аймактыктардагы активдүү абоненттерин сыйлады

MegaCom аймактыктардагы активдүү абоненттерин сыйлады

2011-жылдын экинчи жарым жылдыгынын  жыйынтыктары боюнча MegaCom компаниясы аймактык бөлүмдөрдөгү : Талас, Баткен жана Жалал-Абаддагы  эң активдүү абоненттерин сыйлады. Уюлдук байланыштын активдүү колдонуучулары “Эң активдүү абонент”, ”Эң баалуу абонент”, “Эл аралык байланыш мүмкүнчүлүгү кызматын чексиз  сүйүүсү үчүн”, ”SMSтин эң активдүү колдонуучусу”,  “MMSтин  эң активдүү колдонуучусу“, ”GPRSтин эң активдүү колдонуучусу“, ”MegaMusicтин эң активдүү колдонуучусу” наамдары боюнча сыйланышты.

MegaCom компаниясы лоялдуулук программасы боюнча өз абоненттери үчүн дайыма кызыктыруучу  иш-чараларды өткөрүп турат. Программанын алкагында 2011-жылдын эң активдүү абоненттерине баалуу белектерди жана MegaCom тармагынын ичинде акысыз сүйлөшүүлөр үчүн  белек катары 300 жана 500 мүнөттүк  сертификаттарды тапшырды.

MegaCom – өз абоненттерин баалайт!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы