Перейти на новый сайт

Мамлекеттик тилдин өнүгүүсү

MEGA компаниясы 100 пайызга мамлекеттик уюлдук оператор болуу менен абоненттерди жогорку деңгээлде тейлөөнү алдыңкы орунга коюп, туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет. Мобилдик оператор тарабынан колдоого алынып жана ишке ашырылып келе жаткан долбоорлор тууралуу учкай кеп сала кетсек:

  • 2015-жылы MEGA компаниясы кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүн кайрадан басып чыгарууга башкы жана бирден-бир демөөрчү болду. Сөздүктөрдүн түзүүчүсү- түрколог-лексикограф, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген илимий ишмери, Өзбек ССРнин Илимдер Академиясынын мүчө- корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Константин Юдахин.
  • «Кыргыздын элдик ырлары» атуу кыргыз элдик ырларынын жыйнагынын жарык көрүшү
  • «Маалымат жана мааламаттык-коммуникациялык технологиялары» 7-9 класстагы окуучулар үчүн усулдук колдонмолору жарык көрүп, толугу менен кыргыз тилине которулуп мектептерге берилген.
  • Кыргыз тилин окутуу боюнча жыл сайын мугалимдер арасында өткөрүлүүчү мыкты усулдук иштелмелер конкурсун колдоо
  • АКИпресс маалымат агенттигинин «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы» атайын порталын колдоо
  • 2012-жылдагы улуу Кыргыз Каганатынын 1170-жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференцияны өткөрүү
  • Компаниянын адистери кыргызча-орусча-англисче телекоммуникациялык терминдер сөздүгүн түзүшүүдө.
  • I дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө колдоо көрсөтүлдү.

Компаниянын ички жараяндары мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Маселен, www.megacom.kg расмий сайтты ачууда баштапкы абалы кыргыз тилинде, компаниянын кызматкерлеринин арасында сөз байлыгын байытуу боюнча атайын тренингдер өткөрүлүп турат.