Перейти на новый сайт


«MegaCom аллеясы»

«MegaCom аллеясы» - Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагын тазалоого жана жашылдандырууга багытталган долбоор.

Кыргызстандын ар облустарынан жана коңшу мамлекеттерден келген 100 миңдеген бөбөктөр, өспүрүмдөр ден соолугун чыңдай турган бул балдар ооруканасы Бишкек шаарынын транспорт тынымсыз өтүп турган борбордук көчөсүндө жайгашкандыктан, автоунаалар тарабынан иштетилген зыяндуу газдар абаны булгап турат.

Бул маселеге экологиялык, илимий, медициналык көз караш менен сереп салып, туура баа берген MegaCom компаниясы оорукана аймагын жашылдандырып, ландшафттык дизайн түзүү менен кичине бейтаптарыбыздын тез сакайып кетүүсүнө өбөлгө боло турган ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө.
 

Маалымат катары: 2012-жылдан тарта компания Улуттук борборго колдоо көрсөтүп келет. Буга чейин дарыланып жаткан кичинекей бейтаптардын эс алуусуна ылайыкталган ыңгайлуу аянтча оорукананын аймагында болгон эмес.

Өткөн жылы Жер Күнүнө карата биздин кесиптештерибиздин жана «Нурмээайса» борборунун тарбиялануучуларынын күчү менен 400дөй бак-дарак отургузулган болсо , ал эми медицина кызматкерлеринин Күнүнө карата 9 отургуч орнотулган. Белгилей кетсек, ошол көчөттөрдүн 90 пайызы өсүп, көргөн адамдын көз кумарын кандырып келет.

Ландшафттык дизайнга ылайык «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы менен биргеликте сирендин, шуунун, туянын, ак чечектин, мажүрүм талдын 111 жашыл көчөтү тигилген.

1- июнга – балдарды коргоонун Эл аралык Күнүнө карата, «MegaCom аллеясы» долбоорунун алкагында курулуп жаткан балдар аянтчасынын курулушу толугу менен аяктады.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүн чагылдырган сүрөттөр менен facebook сайтындагы компаниянын расмий баракчасынан таанышууга болот.

Кайрымдуулук багыттагы жана социалдык программалар компаниянын корпоративдик стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Компания, жарандык коомдун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышуу менен, коомдун өнүгүшүнө бараандуу салымын кошууда.