Перейти на новый сайт

Зарема Кулубаева: «MegaCom –  жөн гана жумушум эмес!»

«10 жыл бирге!» корпоративдик долбоорунун алкагында, компания уюшулгандан тарта  эмгектенип келе жаткан, б.а. компаниянын пайдубалын түптөөгө өз салымын кошкон  кызматкерлердин ийгилик сырлары менен бөлүшүүнү улантабыз.

Бүгүнкү маектешибиз-Зарема Кулубаева, өз карьерасын персоналды окутуу боюнча менеджер болуп иштөөдөн баштаган бул айым, азыркы учурда Коммерциялык дирекциянын тейлөө бөлүмүн жетектеп келет.

Компанияга кандайча келип калдыңыз?

Тааныштарымдан жаңы, перспективалуу компания ачылып жаткандыгын угуп калдым. Бул жаңылык мени кызыктырды. Себеби, ошол кезде өзүмдүн өнүгүүм үчүн да ыңгайлуу болгон  жумуш караштырып жүргөм.  2006-жылдын 1-июнунда Адам ресурстары менен башкаруу бөлүмүндө тейлөө процесстери тренинг-менеджердин  позициясы  ачылып калды, 7 күндөн кийин ушул жумушта иштей баштадым.

Өзүңүздүн биринчи иш күнүңүз эсиңиздеби?

Кеңсе "Илбирстин" имаратында жайгашкан эле, мен аны дароо эле тапкан жокмун. Имараттын сырткы көрүнүшү анчалык көзгө көрүнөрлүк болбогону менен, ичинде заманбап жабдылган, кооз жана ыңгайлуу кеңсе экен. Мага окутуу бөлмөсүн көрсөтүп коюшту. Ал кезде мен персоналды гана окутпастан, жумушка кирип жаткан жаңы кызматкерлерди тандап, аңгемелешүү да өткөрчүмүн. Ошол кезде менден сабак алган кесиптештеримдин көпчүлүгү азыркы учурда жетекчилик кызматтарды аркалап келе жатышкандыгы кубандырбай койбойт. Өз кезегинде, алардын өнүгүүсүнө түрткү бергендигиме кубанам жана бул мен үчун жагымдуу.  

MegaCom компаниясында эмгектенген 10 жылда эмнеге жетиштиңиз?

Биринчиден, ар тараптуу аябагандай чоң тажрыйба топтодум десем болот. MegaCom –процесстердин, адамдардын жана технологиялардын тынымсыз өнүгүү абалындагы ширелиши. Мен өз мүмкүнчүлүктөрүмдү ача алдым. Компанияга келип иштегенге чейинки убакытка жана акыркы 10 жылга сереп салсам – бул эки башка адам.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштеп, өсүп-өнүгүүнү каалайсыз? Мунун сыры эмнеде?

MegaComдо баарлашуунун, кандай гана учурда болбосун бири-бирине жардамга келүүнүн  өзгөчө жагдайы өкүм сүрөт. Бул жерде “ар ким өзү үчүн” деген түшүнүк жок. Тескерисинче, ”Бардыгы бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн” деген накыл кепти туу тутуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара эмгектенип келебиз. Баарыбыздын максатыбыз бир, ар бирибиз ошол маскатка жетүү үчүн өз жумушубузду так аткаруунун аракетиндебиз. Корпоративдер, биргелешип эс алуу, шыктандыруунун  материалдык жана материалдык эмес ыкмалары кызматкерлердин ишине жагымдуу таасирин тийгизип, өнүгүп -өсүүсүн шарттайт. Эң башкысы - MegaCom мен үчүн жөн гана жумушум эмес, ушул жылдардын аралыгында  жакын досторума айланып калган мыкты кесиптештерим, сүйүктүү жамаатым.

Ийгиликке жетүү үчүн  MegaCom кызматкери кандай сапаттарга ээ болуусу зарыл?

Компания кызматкери жумушка айлык акы алуу үчүн гана эмес, өзү да ар тараптуу өсүүсү жана өнүгүүсү керек. Бул үчүн өз идеяларын айта билүүсү  жана  демилгелүү болуусу абзел.

Жаңыдан жумушка орношуп жаткан кесиптештериңизге кандай кеңештерди бермекчисиз?

Эч качан эч нерседен коркпоо керектигин баса белгилеп кетким келет. Намыскөй болуу, дайыма жаңы нерсени үйрөнүү, кыйынчылыктардан качпоо, өз адистиги боюнча квалификациясын жогорулатып туруу. Компанияга жакынына жасагандай  аяр мамиле жасоо, руханий жактан ажырагыс биримдикти сезүү.

Сиздин оюңузча MegaComду кандай 3 сөз менен мүнөздөөгө болот?

Кадрлардын чеберканасы, ишенимдүү оператор жана  мыкты жумуш берүүчү ишкана.

10 жылдыгына карата сүйүктүү компанияңыздын дарегине кандай каалоо-тилектерди жолдойт элеңиз?

Кардарлардын ишеничин актайлы, кардарларыбыз лоялдуу болуп, ар дайым биз менен болсун!