Перейти на новый сайт
MegaCom тартуулаган күлкү

 

MegaCom тартуулаган күлкү

Мурдакы СССРдин жашоочуларынын ой жүгүртүүсү, дүйнө таануусу географиялык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөр менен айырмаланып тургандыгына карабастан,  юмордун тили бардыгына түшүнүктүү. Ошондуктан “Фрунзе шаары” деген аталыштагы КВН курама командасы өз күчтөрүнө ишенип, чоң дымак менен алдыдагы КМШ Кубогунда байгелүү орунга ээ болууну каалашат.

КВН оюндардын 49 жылдыгына арналган  иш-чара кеңири жана көрктүү болот деген ишенич чоң.  Аларга бүткүл Шериктештик аймагынан 15 команда катышып, КМШ боюнча эң чоң “Россия” киноконцерттик залында өткөрүлүп, таймаш «Биринчи каналда» көрсөтүлөт. “Тапкычтар жана шайырлар Клубунун” бардык мүчөлөрү үчүн өзгөчө болгон биринчи оюн бүгүн өткөрүлөт.

- Бул жөн гана катардагы оюн эмес жана жөн гана туулган күндөн да артык. Таймаш чыңалган маанайда өтөт деп жатабыз, - деп ой бөлүштү Кыргызстан КВН Лигасынын президенти Евгений Акопян. – Биздин максат – байгелүү орунду ээлөө жана КВНдин телевизиондук Лигасына кирүү, ошону менен катар Кыргызстан митингдер, пикеттер жана туруксуздук менен гана айырмаланбастан, мыкты тамаша, позитивдүү энергия жана шайыр жаштары  менен да айырмаланаарын көрсөтүү. Башка командалардын ири авторлору жана миллиондогон бюджеттери бар, биздин артыбызда –өлкөбүз турат.

Көп улуттан турган “Фрунзе шаары” командасынын мүчөсү Руслан Максимовдун айтымында, аларга жүктөлгөн жоопкерчилик толугу менен сезиилип турат: «Бардыгы биз үчүн тынчсызданып жатышат, олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Биздин команданын Кубокко катышууга  мүмкүнчүлүк түзүп берген MegaCom компаниясын өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдиргим келет».

MegaCom компаниясы акыркы бир нече жылдар бою КВН оюндарынын башкы өнөктөшү катары белгилүү. Компания “шайырлар жана тапкычтарга” ар тараптуу жардам берип келет. Бул жылы уюлдук оператордун колдоосу алдында Кыргызстан КВНинин курама командасы Сочи шаарында өткөрүлгөн КВНдин XXI Эл аралык фестивалына да катышып, Москва жана Подмосковье Ачык лигасында  жарым финалдык оюндарда  экинчи орунга ээ болгон.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы