Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын техникалык өнүгүү жаңылыктары


MegaCom компаниясынын техникалык өнүгүү жаңылыктары

Декабрь айында MegaCom компаниясынын техникалык департаменти 48 базалык станциясын ишке киргизди, булл 2008-жылы эксплуатацияга киргизилген эң көп байланыш объектиси болуп эсептелинет. 2007-жылга салыштырмалуу базалык станциялардын саны эки эсеге көбөйүп, 472 объектини түздү.

Баткен облусунда 4 базалык станция Кадам-Жай районунун Орозбеково айылынын жанында, Баткен районунда – Бужум айылында жана Лейлек районунда – Арка жана Андарак айылдарында тургузулду.

Жалал-Абад облусунда орнотулган 9 базалык станциянын жардамы менен байланыш жакшыртылды, байланыш объектилери төмөнкү жерлерде орнотулду: Сузак районунда - Кумуш-Айыз, Ынтымак, Бек-Абад жана Ырыс; Базар-Коргон районунда – Беш-Бадам жана Кенеш айылдарында;Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жана Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүндө.

Ош облусунда 12 базалык станция ишке киргизилди. Өзгөн районунда – Жееренчи айылында, Кара-Суу районунда – Жаңы-Арык жана Шарк айыл өкмөттөрүндө, ошондой эле Савай айылында. Араван районунда – Мангыт айылында, Папан районунда – Беруу жана Көк-Бел айылдарында. Республикабыздын түштүк борборунда “Достук” жана “Амир-Темир” кичи райондорунда, Верхняя Уламская көчөсүндө, Масалиев проспектинде жана Сулайман тоосунун этеги толугу байланыш менен камсыз болду.

Нарын облусунда пландаштырылгандай эле 8 объекти орнотулду: Нарын районунда - Учкун, Жалгыз-Терек, Жергетал жана Казан-Куйган, Ат-Башинском районунда – Ак-Талаа айылында. Жумгал районунун Нарын областында Кызарт ашуусунда, ошондой эле Байзак жана Чаек калктуу пункттардында.

Талас облусунда төмөнкү айылдарда байланыш сапаты жакшыртылды: Кара-Буура районунун Чимгент айылы. Бакай-Ата районунда – Ак-Дөбө айылында, Талас районунун – Үч-Эмгек айылында жана Таласе шаарынын Фрунзе көчөсүндө. Декабр айынан тартып бул жерде 5 станция иштеп жатат.

Чүй облусу да сапаттуу байланыш менен камсыздандырылды, бул жерге 10 базалык станция орнотулду. Байланыш объектилери Кара-Балта шаарынын Железнодорожная көчөсүндө, Токмокто, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунда орнотулду. Маловодное, Ивановка, Кошой, Кировский, Асылбаш жана Вознесеновка айылдарында түйүндүн сыйымдуулугу жогорулатылды.

Мындан тышкары 2009-жылдын башынан тартып Жалал-Абад облусунда Кызы-Ай, Кызыл-Байрак, Ладанкара, Сакалды жана Кочкор-Атада 5 байланыш станциясы курулду.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы