Перейти на новый сайт
"5 жуманын ичинде 5 миллион" лотереясынын алкагында биринчи ойнотуу болуп өттү



"5 жуманын ичинде 5 миллион" лотереясынын алкагында биринчи ойнотуу болуп өттү


Лотереянын биринчи этабынын жыйынтыктары боюнча ойнотуу MegaCom абоненттерин тейлөө борборунда 17-ноябрда саат 14:00 болуп өттү.

«5 жуманын ичинде 5 миллион» лотереясынын биринчи этабы 10-нобярда башталды. Лотереянын шарттары боюнча MegaCom компаниясынын жеке тарифтик пландарынын бардык абоненттери 16-ноябрга чейин 0555 кыска номерине каалагандай мазмундагы SMS билдирүүлөрүн жөнөтүшкөн. Ар бир билдирүүгө уникалдуу катар номери ыйгарылган, алар барабанга салынып, ойнотууга катышты. Биринчи жеңүүчүнү 12 жашар Улан аныктаганга жардам берди. Тираждык комиссиянын катышуусунда Улан барабандан бактылуу жеңүүчүнүн номерин сууруп чыкты.

Алып баруучу толкундануу менен билеттин номерин окуду. Абонент ошол эле замат телефондон миллион сомдук байгулүү болгонуна сүйүнчүлөндү. Жеңүүчү “Дордой” базарынын сатуучусу Александр Егоров болуп чыкты. Александр туптуура 17 SMS жөнөтүптүр, себеби бул сан анын апасынын туулган күнү экен.

MegaCom тейлөө борборуна келип Александр утушун тастыктаган сертификатын алып жатып, сүйүктүү уюлдук компаниясына жылуу ыраазычылык сөздөрүн айтууга шашылды, - “Абдан ачык лотерея экен. Мен утуп алам деп ишенген деле эмесмин, көрсө турмушта ар кандай болот экен да. Мени миллионер кылган MegaCom компаниясына ыраазычылыгымды билдирем!»

MegaCom компанисяы Александрды чын жүрөктөн куттуктап, ийгилик каалайт!

SMS-лотерпянын биринчи гана этабы аяктады. Алдыда дагы 4 жума жана 4 миллион сом өзүнүн бактылуу ээлерин күтүп турат. Лотереянын шарттары жана кийинки этаптар тууралуу толук маалыматтар менен бул жерден таанышсаңыздар болот.


Сен «555 Командасын» тандадың – Сен келечегиңди тандадың!

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы