Перейти на новый сайт

МегаФон менен MMS алмашуу орнотулду!

 

МегаФон менен MMS алмашуу орнотулду!

MegaCom компаниясы Россиянын уюулдук байланыш оператору МегаФон компаниясы менен мультимедиялык билдирүүлөрдү алышуу мүмкүнчүлүгү ачылгандыгы жөнүндө кабарлайт.

МегаФон түйүнү Россия Федерациясынын бүткүл аймагын камтып 37 миллион абонентти сапаттуу байланыш менен камсыз кылып келет. Эми MegaCom абоненттери Россияда МегаФон түйүнүндө тейленген достору, туугандары жана ишкер өнөктөрүнө MMS билдирүүлөрүн жөнөтө алышат.

MMS – бул тексттик билдирүүлөрдү гана эмес, ар түрдүү медиа файлдарды, музыка, видео жана сүрөттөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү. Мисалы, MMS жардамы менен башка телефонго жөнөтүлүп жаткан тексттик билдирүүгө сүрөт же шаңдуу обонду кошуп жөнөтсө болот.

MMS кызматы  сиз каалаган фото сүрөткө же видоефрагментке текст кошуп, аны PowerPoint бет ачар сыяктуу жасалгалап башка мобилдик телефонго жөнөнтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
 
MegaCom абоненттери үчүн бир чыккан MMS-билдирүүсүнүн баасы салыктардын бардыгын эсепке алганда 5,89 сомду түзөт. Кирген MMS-билдирүүлөр тарифтелинбейт.

MMS кызматынан MegaCom түйүнүнүн бардык тарифтик пландарынын абоненттери пайдалана алат.

MMS кызматы жөнүндө толук маалыматты бул жерден алсаңыз болот.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

 

Сунушталган кызматтар

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы