Перейти на новый сайт

MEGA түйүндү өнүктүрүүнү улантып келет

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндү активдүү өнүктүрүү, камтуу аймагын кеңейтүү жана жабдууларды модернизациялоо боюнча масштабдуу иштерди аткарып келет.

2023-жылдын август айында жүргүзүлгөн техникалык жумуштар Кыргызстандын бардык аймактарында сигналдын сапатын жакшыртууга жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн кубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

MEGA уюлдук оператору базалык станцияларын модернизациялоо ийгиликтүү ишке ашырып, натыйжада Бишкек, Баткен, Кара-Балта, Кара-Көл, Кербен, Кант жана Чолпон-Ата шаарларында 4G-түйүнүнүн кубаттуулугу бир топ жогорулап, төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин сапаты да жакшырды. Бул тизмеге төмөндө аталган айылдарды да кошууга болот:

  • Чүй облусу: Кызыл-Ой, Красная Речка, Гидростроитель, Жакынкы Арал, Алыскы Арал, Дмитриевка, Малтабар, Орто-Суу, Полтавка, Константиновка, Мирное, Северное, Лебединовка, Ленинское, Ичке-Суу, Норус, Таш-Башат, Үч-Эмчек, Жайылма, Ровное, Чалдыбар, Ивановка, Военно-Антоновка, Кара-Жыгач, Сары-Жон.
  • Талас облусу: Биринчи Май, Кызыл-Адыр, Арал, Чымгент.
  • Жалал-Абад облусу: Ызар, Түрк-Абад, Базар-Коргон, Токтогул, Терек-Суу, Чоң- Арык, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу.
  • Нарын облусу: Эмгекчил, Телек, Миң-Куш, Сары-Булуң, Арал, Кичи-Арал, Кызыл-Жылдыз.
  • Ысык-Көл облусу: Чоң-Жаргылчак, Боз-Учук (Нововознесеновка), Ой-Тал, Өрнөк, Чоң-Таш.
  • Ош облусу: Жаңы-Ноокат, Дөң-Кыштак, Тескей, Барын, Мурдаш, Сөгөндү, Кыргыз-Чек, Таштак, Фуркат, Медресе, Жапалак, Кара-Таш (Кыргыз-Ата айыл аймагы), Гагарин (Тоо-Ашкан), Буйга, Нура, Алмалык. 
  • Баткен облусу: Согмент, Таян, Чарбак, Сухана, Жин-Жиген, Караван.

Базалык станцияларды мыктылоого байланыштуу 3G түйүнүнүн сигналы Кара-Көл, Токмок шаарларында, ошондой эле Красная-Речка, Арал, Кызыл-Адыр, Баш-Кууганды, Чымгент, Таш-Дөбө Жапалак, Борбордук (Жаштык), Ак-Жар, Аң-Арык, Бел-Кара-Суу, Бууракан, Жетиген, Камыш-Башы, Коңур-Өгүз, Кош-Таш, Кызыл-Өзгөрүш, Орто-Жон, Чоргочу, Шайык, Такталык, Жүзүм, Телек, Миң-Куш, Ичке-Суу, Норус, Таш-Башат, Үч-Эмчек айылдарында жакшыртылды. 

Миң-Куш шаарчасында MEGA 2G стандартындагы базалык станция модернизацияланды.

Эскерте кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGA расмий сайтынан Интерактивдүү каптоо картасынан онлайн алууга болот. Анын жардамы менен жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине көз салуу, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G-камтуусу жөнүндө билүү оңой.

MEGA абоненттери түйүн менен камтуу талап кылынган  калктуу конуштарга байланыштуу суроо-талаптары менен *500 номери аркылуу компаниянын Байланыш борборуна кайрылып, мындан тышкары,  +996 999 500 000 WhatsApp номери же Telegram аркылуу жөнөтө алышат.

MEGA Кыргызстандын калктуу аймагынын 99 пайыздан ашыгын кучагына алуу менен, 4G/3G/2G түйүнү менен камтуу боюнча лидер болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы